Америкалык актриса Алисия Сильверстоун жолдошу, музыкант Кристофер Жареки менен ажырашат. Жубайлар 20 жылдан бери чогуу жашап, ортосунда Беар Блю аттуу уулду тарбиялап келишкен.
Азырынча актриса эмне себептен ажырашып жатканы тууралуу белгисиз. Анткени жан шериктердин үй-бүлөсүндө уруш-талаштар орун алса да коомчулукка жайылган эмес.
"Биз бири-бирибизди сыйлайбыз жана мурдагыдай эле жакшы көрөбүз. 20 жылдык үй-бүлөлүк жашоодон кийин ажырашууну туура көрдүк. Мындан ары экөөбүз эң жакын санаалаш болобуз. Ал эми уулубузга чогуу кам көрөбүз", - деп билдирген актриса.
Алисия жолдошу Кристофер менен 7 жыл жарандык никеде жашап, 2005-жылы никесин мыйзамдаштырган.
Белгилей кетсек, актриса "Бэтмен жана Робин", "Ашыкча жүк" тасмаларындагы ролу менен белгилүү боло алган.