Мас айдоочуларга кайсы өлкөдө канча айып салынат жана алар кандай жоопко тартылат?

Жол кырсыктарынын күн санап өсүүсүнө Кыргыз өлкөсүнүн жарандары күн сайын күбө болушууда. Расмий статистикага таянсак, 2017-жылы өлкөдө жалпы 1 миң 432 жол кырсыгы катталып, анда 907 адам көз жумган, алардын ичинен 104ү балдар.

Жогорудагы жол кырсыктарын 8 пайызы айдоочулардын мас абалында автоунаа башкарып бараткандыгынан улам болот. Көбүнчө мас абалында унаа башкарып, ар кандай жол кырсыгына кабылган айдоочулар 18-26 жаштагы жарандар.

Кыргыз өлкөсү

Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 238-беренесине ылайык, мас абалында же баңгизаттарды колдонуп алып унаа башкарган айдоочуларга 10 миң сом айып салынат же айдоочулук күбөлүгү 1 жылга алынат. Ал эми 238-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, эгерде айдоочу мас абалында же баңгизаттардын таасири алдында унаа башкарып бара жатып кандайдыр бир жол кырсыгына кабылса, анда 10 миң сом айып салынып айдоочулук күбөлүгүнөн 2 жылга ажыратылат. Эгерде жол кырсыгы катталып (Кылмыш-жаза кодексин бузбаган мезгилде) жана жабырлануучулар кандайдыр бир жаракат алса, анда 20 миң сом айып салынып, 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажырайт.

АКШ

Америка Кошмо Штаттарында эч кандай жол кырсыгына учурабай, мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган айдоочуга 300 доллар айып салынып, айдоочулук күбөлүгүнөн жарым жылга ажырайт. Ал эми полиция кызматкерлерине 10 жылдын ичинде экинчи жолу мас абалында унаа башкарып бара жаткан айдоочуга 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин айып салынат, ал эми үчүнчү жолу кармалган болсо 48 сааттан жарым жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кандайдыр бир жол кырсыгына себеп болуп адам каза болсо, ал 10 жылга эркинен ажыратылат.

Германия

Германияда айдоочунун организминдеги алкоголдун көлөмү 0,5 промиллден ашса ал мас деп эсептелет. Эгерде айдоочу алгачкы жолу кармалса 500 евро айып төлөйт, 2-жолу 1 миң евро, 3-жолу 3 миң евро айып төлөйт. Бирок 21 жашка толо элек жана айдоочулук тажрыйбасы 2 жылдан аз айдоочулардын организминде алкогол болбоосу кажет. Эгерде жол кырсыгы катталса ар бир айдоочу организминде алкоголдун көлөмүн аныкташ үчүн өзүнүн эсебинен 500 еврого атайын экспертизадан өтөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккан соң айдоочу күбөлүгүнөн ажырайт же кайра окуудан өтүп келет.

Франция

Францияда мас абалында унаа башкарган айдоочуларга айып салынып сотко чакыртма берилет. Эгерде мас абалындагы айдоочу кандайдыр бир жол кырсыгына себеп болсо, ага 150 миң евро айып салынып же 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 2017-жылдын ноябрь айынан тартып Францияда ар бир айдоочу өзүнүн унаасында адамдын организминдеги алкоголдун өлчөмүн текшере турчу каражатты алып жүрүүсү талап кылына баштаган. Аталган каражаты жок айдоочуларга да айып салынат.

Япония

Японияда унааны башкарып бара жаткан мас айдоочуга гана эмес, анын унаасына отурган жүргүнчүлөргө да айып салынат. Эгерде айдоочу мас абалында кармалса анын унаасында отурган ар бир 18 жаштан өткөн жүргүнчү 3 миң доллар айып төлөйт. Мындай унаалардын ичине маршруттук таксилер, туристтик автобустар дагы кирет. Ал эми айдоочуга 8 миң 700 доллар айып салынып же 5 жылга эркинен ажыратылат.

Сингапур

Эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган Сингапурда алгачкы жолу мас абалында кармалган айдоочуга 1 жыл унаа башкарууга тыюу салынат же ага айып салынып, жарым жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына себеп болсо, ал 3 жылга эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rysik79
2018-02-28 23:44:08
Бул гой-гой баардык жерде бар гой -гой. Мас болуп же ичип машине айдаба деген Адамдын тушунугуно жеткенче, терен жеткенче айтор жин шайтандын азгырыгынан сактай кор Жаратканым..
+3
dasta
2018-02-28 23:48:51
Бизде болсо дупул мас милитсяны соппосо кылып койуштуго. Бизде беш миндиктен чонтоко экоону салып койсон эле жол сеники
+13
baha123123
2018-03-01 00:55:25
dasta,ошондой учун беш миндик бербеш керек мыйзамга баш ийиш керек ошол параны ичип алып алып озубуз башкартабыз параны озубуз сунуш кылабызгоо кобунчо тууравы
+2
Okna
2018-03-01 19:33:29
baha123123,оздору баштайт
Эми эмне кылабыз деп XXXX
5 Минден экону берсен сени
Аатаа деп таштайт алар
-1
tima01
2018-03-01 01:14:40
Франциянын закону жакшыкен
+1
Dalil
2018-03-01 11:11:23
Соц тармактан көрдүм мас болуп унаа айдаган айдоочуларды кармап алып таяк менен жамбашка чабышат экен. Бизде да ошентип жамбашын унаага отурса ооругудай кылып жазаласа аракты ичип унаа айдагандар азаймак беле балким.
+2
Hadyja
2018-03-01 11:59:43
Германиянын мыйзамы жакты,кандай жакшы мыйзамдар иштеген мамлекетте жашоо.Бизде мыйзам кагаз турундо гана,аттин.Байларга таптакыр эле мыйзам жок.Дагы жакшы интернет бар,элдер билип калып атып анча-мынчалар мыйзамга ылайык жооп берип атышат
+2
Shairgul
2018-03-01 12:02:24
Японияныкы жакты. Эч ким ичип айдабай калат беле......
+3
Tolkun555
2018-03-01 12:33:32
Кочодо мас болуп жоо жургон адамдарга да жаза колдонуш керек.
+2
Agayu
2018-03-01 14:34:35
Бул мамлекеттерде мыйзамда иштейт жана бийлик да иштейт , эл айласы жок баш ийет ,себеби жол эрежэлери ,жол сапаттары парковкалар деги койчу баары жэтиштуу , а биздечи ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан