Бишкек шаарынын Свердлов районунда 12-июнь күнү саат 23:58 чамасында жол кырсыгы болуп, 1 адам каза болду. Калинин - Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда Кседос үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, суу каналына түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, крандын жардамы менен унааны суудан чыгарышкан. Каза болгон айдоочу 1979-жылы туулган Е.Зиятдинованын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.