АКШда 44 жаштагы адам шараптын коробкаларынан жасалган "аялга" үйлөнгөнү жатат

Америка Кошмо Штаттарынын 44 жаштагы жараны шараптын коробкаларынан жасалган "аялга" үйлөнгөнү жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, фото сүрөтчү болуп эмгектенген 44 жаштагы Майкл Шнайдер 2015-жылы өзүнүн сүйүктүүсү менен ажырашкандан кийин бир дагы айым менен мамиле кура албай келген. Мындан улам ал кечти үйүндө жалгыз шарап ичип гана өткөрүүгө өткөн. Шарапка болгон сүйүү жана жалгыздыкты жек көрүү Майклды шараптардын коробкаларынан өзүнө "курбу" жасап алууга түрткөн.

Ал негизи темирден тургузулуп коробкалар менен дене түзүлүшү берилген "курбусуна" Франц деген ысым ыйгарган.

"Францтын улуту ким экенин айтууга кыйын, анткени анда ар бир улуттан бир аздан бар. Ал мыкты дос, идеалдуу түгөй", - деп билдирген Шнайдер.

Франц даяр болгон соң Майкл аны менен дароо сүрөткө түшкөн. Социалдык тармактарда пайда болгон сүрөттөр кызуу талкууларды жараткан.

Өз кезегинде Майкл идеалдуу "курбу" болгон Францка үйлөнүү тууралуу ойлонуп жаткандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
urmat94
2018-03-01 08:31:45
Атын чыкпаса каробкадан аял жасап ал болуптурда анан атын чыгат
+1
interpol
2018-03-01 08:36:39
Бизде деле "франска" көбү берилип кетип атышат. Ага көп берилсең өзүнө көндүрүп алат анан баарынан айрыласың, үй бүлө үй жайдан дегендей.Не дейбиз эки жаш бактылуу болосуңарбы жокбу бизге баарибир өлүп кеткиле.
+1
Paprikafm
2018-03-01 08:41:22
Эмдиги жылы каропка балалуу бол
+1
Fatimnazz
2018-03-01 08:43:06
Жинди болуптур...
+1
dair_17
2018-03-01 08:48:24
Бизде да франска никесиз уйлонгондор коп
+1
kiana
2018-03-01 09:10:40
Ушуга окшогон жанылыктарды чыгарбай койсонор деле болмок
+4
Tyty1990
2018-03-01 09:26:48
Бактылуу болгула
0
nazi25
2018-03-01 09:28:00
Мен коробкадан тузук эле аялдын образын жараткан го депмин)))
+3
Abdyrawit
2018-03-01 09:28:37
Реклама кылуунун дагы бир жолу. Реклама үчүн акча алган да бул жигиттин гүлү
+2
aerforce
2018-03-01 09:45:55
бактылкуу болгула блок блок арак тороп американын алкаштарын жыргата бергиле)
+2
gul3ina
2018-03-01 10:10:04
Психикалык жактан ооруйт го
+2
MAN-CITY
2018-03-01 10:36:14
Акшдагылардын копчулугу дарвиндин премиясына татыктуу
+1
Parish
2018-03-01 18:57:29
тез аранын ичинде ажыраш да ящике уйлон.
0
Football.kg
2018-03-01 23:03:29
Бул "дегредациянын" белгиси, адамзат техника онуккон сайын жалкоо жана арамза болуп бара жатат.
0
mukanbet00
2018-03-02 09:23:24
Эми не дейбиз бактылуу болуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан