АКШнын президенти Дональд Трамптын кол чатырга аялын жана баласын батырбай койгону интернетте кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Интернетте кеңири тараган видеодо жаан жаап жаткан учурда АКШнын президенти Дональд Трамп учакка көтөрүлүп баратып, аялы Меланья Трампты жана баласы Бэрронду кол чатырдын алдына киргизбей койгонун көрүүгө болот. Ал учактын кире беришине жеткенде артка кайрылып, эл менен коштошуп жаткан учурда суу болуп калбаш үчүн баласы жана жубайы учактын ичине шашып кирип кеткен.
Аталган видеого интернет колдонуучулар өздөрүнүн сын көз караштагы ойлорун билдирип, Дональд Трамп үчүн чач жасалгасы үй-бүлөсүнөн да кымбат турат экен деген билдирүүлөрдү жазып чыгышкан.
Кол чатырга байланыштуу кыргыз коомчулугу да буга чейин бир топ окуяларды сынга алган. Эске салсак, жардамчыларына кол чатыр карматып күндөн же жамгырдан калкаланганы үчүн убагында мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Бишкек шаарынын мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкулов, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов да сөз болушкан.