“Modern Talking” поп-тобунун солисти Томас Андерс чыныгы аты Бернд Вайдунг 1963-жылы 1-мартта Германиядагы Мюнстермайфельд аттуу шаарчада төрөлгөн.
Атасы бул шаардын мэри, апасы дүкөндө сатуучу болуп эмгектенген. 16 жаш курагында өзү жараткан биринчи ырынын артынан эле Томас Андерс деген псевдоним менен ырдап чыга баштаган. 1983-жылы атактуу композитор Дитер Боленге жолуккан.
Дитер менен биргеликте 1984-жылы “Modern Talking” тобун түзүшөт. Аталган топтун солисти болоору менен эле атагы алыска тарап, дүйнө кыздарынын жүрөктөрүн сыздаткан ырчы катары таанылган Томас 1980-жылдардагы поп жылдызына айланган.
Кызганчаак аялы Нора Баллингге бул нерсе жага бербей, анын бардык иштерине кийлигише баштаган. Мунун аягы топтун чачырашына алып келген. Аялынын “эми сенин жылдызың өчтү, мен сени менен бактылуу боло албайм” деген сөздөрүнөн кийин ажырашып кетишкен.
Чыгармачылыгындагы 11 жылдык тыныгуудан кийин Дитер менен биргеликте кайрадан эле эски аталышта топту жандандырышкан. Жасаган эмгектеринин акыбети кайтып, 1998-жылы жаңы ырлары менен Европа хит-параддарынын биринчи катарларынан орун алышкан. Жеке карьерасында Томас 7 альбом чыгарууга жетишкен. Бир топ жыл жалгыздык менен күрөшүп отуруп, Томас жашоосунда дагы бир сүйүүсү Клаудиа Хесске жолуккан. Клаудианын шоу-бизнестан алыс адам экени Томаска жаккан сапаттардын бири болгон.
Америкалык ырчы жана бийчи поп-музыканын падышасы Майкл Жексон өзүнүн "Smooth Criminal" клибинде кийип тартылган шляпасына кол тамга коюп, Томаска белекке берген.
Ырчынын паспортуна өзүнүн чыныгы аты жана сахнадагы псевдоними дагы жазылган. Азыркы тапта ырчы өзүнүн карьерасын улантып келет. 2017-жылы анын "Pures Leben" ("Таза жашоо") деген аталыштагы 7-альбому жарык көргөн.
2014-жылы 3-майда Бишкекте биринчи жолу “Ала-Тоо” эс алуу борборунун амфитеатрында легендарлуу “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берген.
1- марттын жылнаамасы.