Төрт миңден ашуун үй-бүлөнү жер көчкү басып калуу коркунучу бар. Сапар Исаков аларды көчүрүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды

Төрт миңден ашуун үй-бүлө жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймактарда жашап жатат. Бул тууралуу жарандык коргонуу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Боронов тургундарга түшүндүрүү иштерин, ссудаларды жана жер тилкелерин бөлүп берүү аракеттерине карабастан алар коркунуч жараткан аймактардан көчпөй жатышат.

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде тургундарды көчүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыска мөөнөттө жашоочуларды биринчи кезекте көчүрүүгө туура келген кооптуу участоктордун тизмесин даярдап берүүсү тийиш. Каржы министрлиги каралган ссудаларды өз учурунда төлөп туруусу зарыл. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бир жарым ай ичинде элди көчүрүү үчүн жыйынтык чараларды көрүүсү керек", - деп тапшырма берди Сапар Исаков.

Ошондой эле Кубатбек Боронов отурумдун жүрүшүндө электр зымдарын туташтыруу эрежелеринин бузулушунан улам жана өрт коопсуздук талаптары сакталбагандыктан өрттүн саны өсүп жатканын маалымдады.

"Ыйгарым укуктуу органдар ишкердик субъектилерин пландык текшерүүсүн алдын ала эскертүүгө ылайык жүргүзгөндүгүнө байланыштуу өрт коопсуздугунун бузулушу боюнча көптөгөн фактылар чечилбей калып жатат", - деди министр. Ошондой эле айрым бизнесмендер пландалган текшерүүнү билип, эреже бузууларды жок кылгандай түр жаратып жаткандыгын белгиледи.

Өкмөт башчы Сапар Исаков буга байланыштуу ишкерлердин укугун эске алуу менен, компромисстик чечимди иштеп чыгып, өрт коопсуздугу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн чараларды кабыл алуунун зарылдыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ayida
2018-03-01 09:53:30
Именно кайсы аймактарда толук айтпайбы Сапар Исаков
+2
gul3ina
2018-03-01 10:01:13
Кочкуло айткан созду угуп.Кочку басып калгандан кийин догурунбай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан