Кытайдын Сычуань провинциясынын Таоя кыштагында 16 жаштагы Ли Сяоянь аттуу кыз жашайт. Жергиликтүү жашоочулар Сяоянды күчтүү, өтө камкор кыз катары билишет. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, атасы башка шаарда эмгектенгендиктен 16 жаштагы кыз апасына жана чоң апасына кам көрүп күнүмдүк оокаттарды жасоону өз моюнуна алган. Мындан 5 жыл мурун Линин карыган чоң апасы жыгылып кетип баспай калган. Ошондон тартып кыз чоң апасын жакынкы ооруканага көрсөтүү үчүн аны артына көтөрүп алып бир топ аралыкты басып өтөт.
"Ар бир адамдын маңдайына жазылган тагдыры болот. Ал тагдырды ар бир адам кабыл ала билүүсү зарыл. Жашоодо алдыга умтулуш үчүн күчтүү болуу зарыл. Мен чоң апама дайыма кам көргүм келет жана ал камкордукту жылмаюу менен жасайм", - дейт Ли.
Мындын тышкары Линин өз апасы психикалык оорудан жабыр тартканын, ошол себептен ал кызына чоң апасына кам көрүүнү табыштай албай турганын баса белгилешти басылмалар.