Түштүк Кореяда жумуш убактысы 68 сааттан 52 саатка чейин кыскарат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Түштүк Корея бийлиги бир апта ичиндеги жумуш убактысын 68 сааттан 52 саатка чейин кыскартуу тууралуу мыйзам кабыл алды.
Аталган мыйзам күчүнө июль айынан тартып кирет. Бийлик өкүлдөрү билдиргенине ылайык, жумуш сааттарын кыскартуу калктын жашоосун жакшыртып, ишке болгон жөндөмүн жогорулатат.
Мындан сырткары жумуш сааттарын кыскартуу өлкөдө акыркы жылдары өтө төмөн түшүп кеткен төрөттүн санын көбөйтөт.
Бул демилгени жаңы шайланган өлкө башчысы Мун Чже Ин сунуштаган. Жаңы мыйзамга ылайык, иш жумасы 40 негизги жумушчу сааттан жана 12 кошумча сааттан турат. Өлкөнүн экономикалык изилдөө институту аталган реформага жумуш берүүчүлөр 11 миллиард доллар сарптай турганын аныкташкан.