Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеӊеште салык органдарынын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды.
“Мыйзам долбоору салык органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү жана салык кызматынын органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан”, - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда салык органдарынын улуттук мыйзамдарда каралган башка иш милдеттерди аткаруусун кайрадан тактоо демилгеси сунушталып жатканын айтты. "Мисалы, мыйзамдан салык органдарынын этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны импорттоону, өндүрүүнү же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча иш милдетин алып салуу зарыл. Ал милдет Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүлүп берилген", - дейт депутат Дастан Бекешев.