Канат Аманкулов: "Алдыңкы спортчуларга ушул жылдан тартып Эл аралык олимпиада комитети айына 500 доллардан стипендия бере баштайт"

"Токио-2020" Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жаткан алдыңкы Кыргыз спортчулары Эл аралык олимпиада комитетинен айына 500 доллардан стипендия ала башташат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, ал Түштүк Кореяда Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Биз азыр өкмөткө токтомдун долбоорун сунуш кылып жатабыз, анын алкагында биздин алдыңкы спортчуларыбыздын, Азия чемпиондорунун, Олимпиадага даярдангандардын акчасын 75 миң сомго жеткирүү каралган.

Мындан тышкары мен Түштүк Кореяда өткөн Кышкы олимпиада оюндарында Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү менен жолуктум. Мурда Олимпиадага 1 жыл 6 ай калганда спортчулар стипендия алышчу. Эми биздин алдыңкы спортчулар быйылдан баштап Олимпиадага чейин айына 500 доллар стипендия алышат", - деди Аманкулов.

Кыргыз балбандар Азия чемпиондугунун командалык эсебинде 1-орунду алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urmat94
2018-03-01 20:03:05
Акжол Махмудовду олимпиадага жакшылап даярдасанар жакшы ийгилик алып келет буйруса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан