Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шамыралиев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Жыргалбек Шамыралиев аталган кызматка 2016-жылы шайланган. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын баары тең "макул" деп добуш беришкен.