Брэд Питт менен Леонардо Ди Каприо белгилүү режиссёрдун тасмасына тартылышат

Брэд Питт менен Леонардо Ди Каприо белгилүү режиссёр Квентин Тарантинонун жаңы тасмасына тартылышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Тарантинонун жаңы тасмасында Ди Каприо белгилүү актёр Рик Далтондун образын жаратса, Питт Клифф Буттун ролун аткарат.

Тарантино тасма 1969-жылы болгон окуяларды чагылдыра турганын жана ал сценарийди 5 жылдан ашык убакыт жазганын айткан.

"Мен Лос-Анжелеске жана Голливудга байланыштуу окуялар тууралуу тасма тартайын деп жатам. Эң жакшысы бул ишке белгилүү актёрлорду тартканга мүмкүн болду. Бирок алар менен сүйлөшүп, бир пикирге келип, келишим түзүү өтө оор болду", - деп билдирген Тарантино.

Жаңы фильм эмне деп аталары азырынча белгисиз. Тасманын бет ачары 2019-жылдын 9-августуна белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-03-02 09:49:44
Эки кочкор бир казанда кайнайт экен да
0
ruslanz
2018-03-02 13:20:02
Сонун жанылык экен.Эми 19 жылдын август айын чыдамсыздык менен кутолу.
+1
vikidiki
2018-03-02 13:52:49
мировой бестселлер болот окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан