Бүгүн, 2-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкекте "Коопсуздук кеӊешинин чечимин жана президент Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүн талкуулоо" деген темада тегерек стол өттү. Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, парламент депутаттары Исхак Масалиев, Жанар Акаев жана башкалар катышты.
Жарандык коом учурда өлкөнүн жетекчилигиндеги кырдаал, президент менен аткаруучу бийликтин мамилеси, ажонун мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо тууралуу сөзүн талкууга алды. 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков УКМК, Финпол, ИИМ, Башкы прокуратура жана сот органдарын катуу сындап, коррупцияга каршы күрөшүүчү органдар өздөрү коррупцияга батып калды деген. Андан соң УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси кызматтан кетти.
Отунбаева оппозицияны 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярданууга үндөдү. “Саясий майданды бүгүн жалгыз КСДП ээлеп, каалаганын жасап жатат, оппозиция куру кыйкырык менен чектелбей КСДПга атаандаш боло турган жаӊы күч түзүү зарыл”, - дейт экс-президент. Бийликчил эксперттердин кийинки парламенттик шайлоого карата ойлору Роза Отунбаеванын оюнан бир аз айырмаланат. Алар КСДПны бийликти жалгыз ээлеп алган партия катары эмес, толук кандуу иш алып барып жаткан, шайлоочуларды ишендире алган келечектүү жалгыз партия катары сыпатташууда. Экс-президенттен айырмаланып алар парламенттик шайлоону 2020-жылы эмес, жакынкы убактарда башталып кете турган иш катары сөз кылышууда. 2017-жылкы президенттик шайлоодо оппозиция КСДПга каршы бир күчкө бириге алган эмес. Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдун биригип, кайра ажырашуусу шайлоочулардын тандоосунда оппозицияга каршы роль ойноп калды.
Карапайым калк, жарандык коом жаңы бийликке келген президент Жээнбековдон кескин чараларды күтүп жатат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сөзү калктын колдоосун жаратып, оппозициялык күчтөрдүн кыймылга келишине шарт түздү. Президенттин бул аракетин саясаттагы күчтөр ар кимиси өз пайдасына колдонууга аракет кылышууда. Мисалы УКМКнын мурдагы төрагасы Марат Иманкулов: “Ажо коррупцияга каршы күрөшүү каалоосун УКМК, Башкы прокуратура өӊдүү органдардын башчыларын кызматтан алуу менен далилдеши керек, болбосо элдин үмүтү өчөт”, - дейт. Депутат Исхак Масалиев коррупция менен күрөштө президент Жогорку Кеңешке таянышы керек деген пикирде. "Ата Мекендин" мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева президентке убакыт берүүнү сунуштады. Президент Жээнбековдун дарегине айтылып жаткан колдоо пикирлердин агымын Адахан Мадумаров бузду. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери президентке баа берүүгө шашылбагыла дейт. "Кайсы президент коррупцияга каршы күрөшпөйм деди эле? Акаев дагы коррупция "Ак үйдүн 7-кабатына чыгып кетти" деген. Президент аталган органдардын коррупцияга батып калганын бүгүн көрдүбү? Сүйлөп коюудан майнап чыкпайт, биз бийликке конкреттүү талаптарды коюшубуз керек", - деди Мадумаров.
Жыйынга чогулгандар "сот системин реформалоону талап кылуу керек" деген жалпы тыянакка келишти. 5-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдында митинг өтмөкчү. Анда чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеӊешинин жыйынында айткан пикирин, тапшырмасын колдоого алып, өлкө лидеринен чечкиндүү кадамдарды талап кылышат. 5-март - сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Кыргыз сотторун жарандык коом ушинтип куттуктоону чечти...
Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы өлкөдө "Жөлөкпул жөнүндө" мыйзамдын кандай аткарылып жатканын талкуулады. Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова катышып, суроолорго жооп берди. Исакунованын айтымында, жөлөкпул боюнча жаӊы мыйзам даярдалып, Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизүү алдында турат. 2017-жылы кабыл алынып, бирок күчүнө кирүү мөөнөтү 2018-жылдын 1-январынан ушул эле жылдын 1-апрелине жылдырылган мыйзам иштебей турган болду. Жаӊы төрөлгөн ымыркайга 4 миӊ сом суммасында сүйүнчү акча жана 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөкпул берүү нормасы калат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү жол-жобосу жаӊыча сунушталат.
Буга чейин айрым депутаттар 2017-жылы кабыл алынган мыйзамда байлар да жөлөкпул алып, ал эми айрым жакыр үй-бүлөлөр социалдык колдоодон куру кала тургандай жазылып калганын сынга алышкан. Ал мыйзамды да убагында министр Исакунова колдоого алган эле. 1-мартта парламентте депутат Аида Касымалиева сүйүнчү пул берүүдө ата-энелерден 500 сомдон талап кылып жатышканын айтып чыккан. Айтор, жөлөкпул берүү системине нааразылар көп. Фракция лидери Руслан Казакбаевдин айтымында, бул жаатта фракция өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табышы керек эле. Бирок депутаттар алдыдагы 8-март майрамын эске алышты. Тармакка жооптуу вице-премьер да, министр да айым болгону үчүн алардын ишин жетишсиз деп табышты. Депутаттар үчүн жөлөкпулга муктаж карапайым үй-бүлөлөрдүн көйгөйү эмес, министрлердин көӊүлү кымбат деп табылды...