SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Айпери Кубик кызы баласын алдына отургузуп алып машина айдап баратканын видеого тарткан" деген аталыштагы видео жүктөлдү (Ник: Chupakabra)
Видеодо ырчы Айпери Кубик кызы баласын астына отургузуп алып бир колу менен унаанын рулун башкарып, бир колу менен болуп жаткан көрүнүштү видеого тартып жаткандыгын көрүүгө болот. Аталган видео интернетте кызуу талкуу жаратып, интернет колдонуучулардын көбү ырчынын мындай иш-аракети өзүнүн жана баласынын өмүрүнө коркунуч туудура турганын билдиришип, жол коопсуздук эрежелерин бузуп жаткандыгын айтышкан.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.