Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаров кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 1-мартта кол койду.
Агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Абдыкаров жумуштан өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде бошотулду.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында агенттиктин дарегине элден болгон нааразычылыктар көп экендигин белгилеп, буга байланыштуу Абдыкаров жумуштан бошотуларын айткан.
Ал эми өткөн жылдын июнь айында ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштери талкууланып жаткан кеңешмеден Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду даярдыксыз келгени үчүн жыйындан чыгарып салган.
Абдыкаров аталган кызматка 2015-жылдын 27-июнунда дайындалган болчу.