Короосуна апийим өстүрүп жүргөн 73 жаштагы пенсионер колго түштү

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ново-Павловка айылында короосуна апийим өстүрүп жүргөн пенсионер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Милиция кызматкерлерине аталган айылдын 73 жаштагы жашоочусу баңгизат өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам пенсионердин короо-жайында изилдөө иштери жүрүп, натыйжада 263 түп апийим табылган. Табылган каражаттын жалпы салмагы 8 килограммдан жогору болгон. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira1989
2013-06-13 15:04:45
Карыганда жон эле журбойбу эми,акыл айтыып балдарынын торундо отургандын ордуна арам иш кылганы эмнеси?!Аксакалдарыбыз ушинтип журсо анан калганы кантсин,оо кор дуйно кор дуйно...
0
future_kg
2013-06-13 16:08:40
Мындай апийим остургондор кооп эле болсо керек! бироо сатмайынча аны билмек эмес! пайдалуу жактары да бар апийимдин, остуруп фармацевтерге сатышат !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан