"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмүн 30 пайызга чейин көбөйтүү каралып жатат" дейт вице-премьер

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмүн 30 пайызга чейин көбөйтүү каралып жатат”, - деп бүгүн, 2-мартта “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул жөнүндө мыйзамдан “балдарга жөлөк” деген пункт алынат. Бул 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул берүү боюнча пункт.

“Жөлөк пул жөнүндө мыйзам боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко бардык министрликтин, мекемелердин өкүлдөрү жана 5 фракциядан депутаттар мүчө болушкан. Биз бул маселени карап чыктык. Каржы маселеси боюнча көп көйгөйлөр бар. Ошондуктан “балдарга жөлөк” деген пунктту алып салып, анын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатабыз. Ошондой эле алардын ата-энелерине дагы жөлөк пул төлөп берүү маселесин карап чыктык. Аларга 7-8 жылдан бери көңүл бурулбай келген”, - дейт Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан