Мушкер Алмазбек Раимкулов үйлөндү. "Жубайым экөөбүздү чынчылдык, таза махабат бириктирип турат" дейт ал

Дүйнөгө Кид Даймонд деген ат менен таанылган кыргыз боксчусу Алмазбек Раимкулов үйлөндү. Алмазбек Раимкулов буга чейин теле алпаруучу Ассоль Молдокматовага үйлөнгөнүн көпчүлүк билет. Экөө тил табыша албай калыштыбы, айтор, көп узабай ажырашып кетишкен. Ассоль айымга чейин ал Динара аттуу айымга үйлөнүп, экөө 2 балалуу болушкан.

Алмазбек мырза менен жаңы турмушу, акыркы учурда эмне менен алек экендиги тууралуу маек курдук.

Алмазбек мырза жубайы Айжамал менен

- Алмазбек мырза, саламатсызбы? Куш бооңуз бек болсун.

- Рахмат, үйлөндүм. Мендей эркек кишиге жалгыз бой жүрүү жарашпайт.

- Келинчегиңиз да спортчу окшойт. Спорт залда түшкөн сүрөттөрүңүздөн улам ошондой ой келди.

- Жубайым спортту, спортчулардын мээнетин түшүнгөн адам. Дайыма мени колдоп, жөлөп-таяп жүрөт. Аты Айжамал.

- Кантип таанышып калдыңыздар?

- Ата-энелерибиздин жардамы менен, анан, албетте, Аллахтын буйругу менен таанышып калдык. Бизди бири-бирибизге болгон жылуу сезимдер, чынчылдык, турмушка көз карашыбыздын төп келиши жана чыныгы махабат бириктирип турат.

- Ошондо сизди жубайыңыз эмнеси менен тартып алды?

- Албетте, жубайымдын биринчи сулуулугу, эч кандай жасалмалуулугу жоктугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү жана дайыма чындыкты сүйлөгөндүгү мени өзүнө тартты.

Жакында эле туулган күнүм болду. Мен негизи туулган күндү белгилебейм, бирок жубайымдын уюштуруусу менен өзүм машыктырган балдардын жанында мыкты деңгээлде өттү.

- Айжамал эмне менен алектенет?

- Азыркы учурда келинчегим жанымда, менин бизнестериме жардам берет. Андан тышкары да өзүнүн жеке бизнестери бар.

- Акыркы учурда Орусияда деп уктук эле. Ал жакта эмне менен алектенесиз?

- Ооба, Москва шаарында өзүмдүн бокс академиямды ачып, жаш муундарды тарбиялап жатам. Кыргыздын келечектеги чыгаан патриот спортчуларына жол көрсөтүүдөмүн десем болот. Ал жакка кеткенимдин себеби Орусиянын Спорт министрлиги менен келишим түзүп иштеп жатам.

- Ишиңиздин жүрүшү кандай, кыйынчылык болгон жокпу?

- Албетте, башында кыйынчылык болду. Бирок акырындык менен көнүп, ийгиликтин даамын тата баштаганда анын баары унутта калды. Азыркы учурда бизнес, спорт менен алекмин. Менин ишенген профессионалдуу машыктыруучуларым бар, алардын үстүнөн карап айта турган сөздөрүмдү айтып турам. "Кид даймонд" бокс академиямда спорттун 4 түрү бар, бокс, грэпплинг, ММА, тай боксу.

- Спорт академияда ар улуттун өкүлдөрү машыкса керек...

- Ооба, ар улуттун өкүлдөрү машыгат. Кыргыздар да көп. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз желеги менен чыгышат. Академиянын ачылганына 1 жылдын жүзү болду, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Буюрса, баары алдыда, эми дүйнөлүк аренадагы чемпиондорду даярдоо менен алектенем.

- Буга чейинки таймаштарыңызга кайрылсак, профессионалдык спорт аймагында канча жолу жеңилүү ызасын тарткансыз?

- Профессионалдык спорт аймагында отуз мелдештен эки жеңилүү бар. Он сегиз нокаут менен жеңишке жетишкем. Спортчулар үчүн бүт эле таймаштар эсте калат. Ар бир таймашуучу жеңүү максатында чыгат. Эң эле эсте калганы, ошол учурда ата мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдер эсте калат.

- Кыргыз өлкөсүнө качан кайтып келесиз? Көп убакыт АКШда болдуңуз, андан кийин Орусияга кеттиңиз...

- Буюрган күнү барабыз. Кыргыз мамлекетинде иштейбиз деген жаштарга оңдуу шарт түзүп бербей жатышса кантип барабыз? Ошондуктан биздей патриот жигиттер өз мекенине салым кошо албай, сыртта жүрүшөт.

- Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Akylai85
2018-03-05 17:20:33
Мактанчаак
+8
Kubinis
2018-03-05 17:50:34
Ар бир эркекте сезим болот. Ар бир адам адашат. Акыл эстуу адам ошол каталарынан сабак алат кийин. Бироонун жеке жашоонор менен ишинер эмне? Ийгилик гана каалайм, бактылуу болгулв
+1
Pandora
2018-03-06 01:39:56
Kubinis,Канча жолу адашып? Канчажолу ажырашып сабак алат?
-2
Raimkulov123.kg
2018-03-05 18:54:26
Болду эми Алмаз мырза аялыныздын атын Токтокан коюп алын.
0
nurbekasr
2018-03-05 20:12:16
Үйлөнсөңөр деле,катын алып ажырашсаңар деле тынч эле жашай беришсе жарыя кылбай.Эми эртен ажирашип кеттик дебесе эле болгону.
+12
ainur78007
2018-03-05 21:37:37
Мендей эркек, биздей патриот...деп аябай эле болуптур го. Бактылуу болсун
+6
Beknur10
2018-03-05 22:04:40
Охоооо мактанчак неге мактанасын я
0
aydinnur
2018-03-05 22:27:01
Болду эми Алмаз,XXXX тый да, спортчу жаштарды өстүр,техникаңды үйрөтүп кетти жаштарга.
+1
Kirajsjk
2018-03-05 23:23:54
Birinchi sululugu jakty deptirgo
0
daniel87
2018-03-05 23:32:07
Оооо адамдар мерез болбонуздар эркекби ,кызбы багын бербесе кыйын эле болот жашоодо бактылуулук тилейли жалпыбыз дубабыз кабыл болсун адашпаган Ким бар
+4
BekAmir
2018-03-05 23:56:17
Орустардын жакшы макалы бар "чужая семья темный лес" деген. Алмаз кандай болсода Кыргыз желегин дуйного желбиреткен. Азыркысы ал жеке турмушу!
+2
UmsunaiTem
2018-03-06 03:52:50
Молодец! Особенно последнюю слову в точку сказал..
+1
hanisa
2018-03-06 08:59:40
Эменеси болсода бактылуу болушсун
0
admin_superstan
2018-03-06 11:44:10
jasgul, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Taalaibek.
2018-03-06 14:44:49
Аялы, Ассоль Молдокматовадан да сулуу экен. Бактылуу болгула.
0
al-abu-kinesz
2018-03-06 23:38:55
Оозунарга келгенин жаза бересинерби? Ошол ийгиликтерге жетип алгылачы биринчи. Бир оор сокку жегенде суйлоор созунорду эмес башынарды таппай калмаксынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан