Кыргыз өлкөсүнүн студенттери Түркияда өткөн эл аралык сынакта жеңишке жетишти

Кыргыз студенттери Түркияда жаш журналисттер арасында өткөрүлгөн эл аралык сынакта алдыңкы орундарга татыды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сынакка катышкан Бегим Жолдубай кызы билдирди.

"Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин студентимин. Жаш студенттер арасында Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлгөн сынакта Кыргыз өлкөсүнөн барган 5 студент алдыңкы орундарга татыдык. Мен өз эмгектеримде кыш мезгилиндеги айыл турмушун фото сүрөт аркылуу чагылдыргам", - дейт Жолдубай кызы.

Бегим Жолдубай кызынан сырткары аталган сынакка Кайратбек Азимбаев, Аяна Байтемирова, Касиет Кубанычбек кызы жана Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу аттуу студенттер катышып "Мыкты даректүү тасма", "Кыска даректүү тасма", "Сүрөт жана теле жаңылыктар" номинацияларында биринчи жана экинчи орундарды ээлешип кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болушкан.

Жаш журналисттердин Түркиядагы эл аралык сынагы 29 жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жылы ага 67 университеттен миңден ашуун студент катышкан. Сынакта студенттердин 917 эмгеги каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан