Сапар Исаков Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуштама берди

Өкмөт башчы Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу боюнча сунуштама жиберди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн. Буйрукка өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиев кол койгон.

Комиссия ишинин жыйынтыгы менен Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Аталган комитеттин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге маалымдашкандай, комитеттин лицензиялык комиссиясы Абаскановго тийиштүү делинген "IC BEST" фирмасына лицензия берген деген маалымат түрткү болду.

"2018-жылдын 22-февралында беш компания жана төрт жеке жактар байланыш тармагы менен иштөө үчүн комитеттин лицензиялык комиссиясынан лицензия алышкан. Алардын арасында "IC BEST" фирмасы да болгон. Бул фирма мурун Абаскановго тийиштүү болсо, 2017-жылы башка адамга өткөрүлүп берилген. Андан сырткары, лицензиялык комиссиянын курамында укук коргоо органдарынын жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү болгон. Абаскановдун эч кандай катыштыгы болгон эмес, комиссия тандаган", - деп билдиришти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан