Арменияда алгачкы жолу президентти парламент шайлады

Арменияда алгачкы жолу президентти парламент шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, парламент өлкө башчылыгына Армениянын мурдагы өкмөт башчысы, Улуу Британиядагы мурдагы элчи Армен Саркисянды тандаган.

Жабык тандоого 101 шайлоочу катышып, 90 депутат Саркисянга добуш берген. 10 депутат "каршы" деген оюн билдирген жана 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Армен Саркисян мамлекет башчысы кызматына 9-апрелден баштап киришет.

Армен Саркисян бул кызматта Серж Саргсяндын ордун басат. Серж Саргсян Армен Саркисянды 19-январда башкаруудагы Республикалык партиянын атынан талапкер кылып көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
urmat94
2018-03-02 18:26:00
Эми буларды коруп биздин жепжутаттар дагы президентти озубуз шайлайбыз дебесе болду
+2
Osh3015
2018-03-02 18:28:09
СДПК укпасын кокуй.
+4
Guldoijan
2018-03-02 20:55:54
Osh3015,боорум эзилип калды
-1
TalaCSKA
2018-03-02 19:32:02
Бизде ушундай сунуштар болуп ишке ашырганга аракеттер болсо эмне кылмаксынар урматтуу суперчилер???мен лично 100℅ каршымын!
+4
karakulja
2018-03-02 19:40:03
Саркасяновичтер окшойт.
+2
Azatbek83
2018-03-02 21:11:14
КСДП укса Атамбаев ди кайрадан шайлап алат! Бирок мындайга жол бербеш керек! Эл шайлаш керек кечеги биздикиндей шайлоода жарабайт!
+2
Jelezo
2018-03-02 21:35:35
Депутаттарга жакбай калса чык эшике деп коюшат
+2
Baatirbek81
2018-03-02 21:49:22
Сиян сиянновичтер
+1
tursunbaev78
2018-03-05 12:41:59
АШАда мындай пландар бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан