Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына Жолдошбек Жанжигит уулу жетекчи болуп дайындалды. Бул маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Министрликтен: "Жолдошбек Жанжигит уулу 1 жылдык келишим менен жетекчилик кызматка дайындалды. Эгер алгылыктуу иштерди жасаса, келишимдин мөөнөтү узартылат", - деп билдиришкен.
Ал эми жаштар театрынын актёру Таалай Мамытов: "Бүгүн театрга "Учур" театрынын актёру Жолдошбек Жанжигит уулу жетекчи болуп дайындалды. Ал иш орду менен таанышкан соң, театрдын ишмердүүлүгү боюнча жакшы ойлорун айтты. Тажрыйбалуу жаштардын жетекчилик орунга келишине кубанып жатабыз", - деп билдирди.
Аталган театрды буга чейин Эгемберди Чалабаев башкарып келген.
Жолдошбек Жанжигит уулу 1980-жылы 12-майда Кемин районундагы Тегирменти айылында төрөлгөн. Ал жогорку окуу жайды аяктагандан кийин "Учур" театрында актёр, андан кийин көркөм жетекчи болуп эмгектенген. Ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинин искусство факультетинде окутуучу болуп иштейт.