Бишкек шаарынын 6 жаштагы жашоочусу Жаңылга жакынкы арада операция жасатуу зарыл. Анын сөөгү төрөлгөндөн тартып эле кыйшык өсө баштаган. Жаңылдын апасы Махабат Дүйшеева SUPER.KG'ге кызынын абалы күндөн күнгө начарлап жатканын, ага чет өлкөдө дарылануу үчүн жардам керек экенин айтты.
"Операция жасатабыз деп жүрүп мүмкүнчүлүктүн жоктугунан ушул күнгө келдик. Мен 2 кызымды жалгыз багып келем, кыздарымдын атасы жардам бербейт. Биз жолго акча чогултуп Санкт-Петербургдагы клиникадан текшерүүдөн өткөнбүз. Алар тез арада операция жасатуу керек экенин айтышкан.
Жыл өткөн сайын неврологиялык кыйшаюулар күчөп баштайт. Азыркы тапта кыйшаюу 30-40 градуска жетип, 2-даражадагы сколиоз (омуртка сөөгүнүн кыйшайып калышы) диагнозун коюшкан. Операцияны азыр кылбасаңар кийинчерээк бир операция жардам бербейт дешет дарыгерлер", - деди Дүйшеева.
Ошондой эле ал операция жасай турган бейтапкана Жаңылдан чет элдик жаран катары каражат алынарын айтышканын белгиледи.
"Күндө 2 операция жасалат. 1 операциясы 120 миң рублду түзөт экен. Ошондой эле УЗИ, МРТ, массаж, ар бир дарыгердин текшерүүсү жана башка чыгымдарды эсептегенде жалпы эсепте 750 миң рублду түздү. Азыркы тапта 100 миң сомдон ашуун акча топтолду. Негизи мындай операциялар 5 жашка чейин жасалса жакшы болмок экен, биз кечигип жатабыз", - деди ал.