
Польша Экинчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар үчүн Германиядан 850 миллиард доллар талап кылууда. Бул тууралуу репарация боюнча Польша парламенттик комиссиянын башчысы
Аркадиуш Мулярчиктин билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазууда.
"Биз согуш учурунда кыйроого учураган шаарлар, айылдар, талкаланган экономика, өнөр жайды калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон каражат жөнүндө айтып жатабыз", - деп билдирген Мулярчик.
Белгилей кетсек, буга чейин Польша парламенти Экинчи дүйнөлүк согуштагы келтирилген зыяндардын ордун толтуруу үчүн Берлинден 48,8 миллиард доллар өндүрүп алууга негиз бар экенин айткан. Ал эми Германия өкмөтү Польшага согуштан келтирилген зыяндарды төлөп берүү маселеси жабылганын билдирген.