ЭЛДИК КАБАР: "Кечээтен бери "Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайындагы тараза туура эмес иштеп, канчалаган айдоочулар өтө албай турушат" дейт окурман

"Учурда "Сосновка" транспорттук көзөмөл-өткөрүү жайындагы тараза туура эмес иштеп, канчалаган айдоочулар өтө албай турушат" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.

"Буга чейин өтмөктөрдөн эч кандай көйгөйсүз эле өтүп келе жатып, ушул "Сосновка" транспорттук көзөмөл-өткөрүү жайына келгенде эле таразасы 1-2 тоннаны ашыкча көрсөтүп, өткөрбөй коюшат. Кечээ түштөн кийин келгенбиз, ошондон бери өтө албай жатабыз. Биз менен чогуу дагы көптөгөн унаалар өтө албай турушат. Буга чейин Маловодное айылындагы өтмөктөн эч кандай ашыкча салмаксыз эле өттүк. Андай болсо, эмнеге эки жактын таразасы эки башка көрсөтөт?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2018-03-03 11:48:55
Досрочный деп өлчөп алса керекда. Досрочный саал кымбатыраак болот. Араван районунда ушундай мыйзам бар экен. Ушул мыйзамды баары үйрөнүп жатышат. Баарыбызга ыйман берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан