Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 2 Кыргыз балбан коло медаль үчүн күрөшөт.
70 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда кытайлык балбанды жеңип, бирок жарым финалда өзбек балбандан жеңилип калды, эми коло медаль үчүн күч сынашат. Анда Эламан индиялык балбан менен кез келет. Ал эми 97 килограмм салмак ченинде Айбек Усупов чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып, көңүл жубатуучу этапта күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал түркмөнстандык балбанга туш келип, анын үстүнөн жеңишке жетти. Эми Айбек Усупов коло медаль үчүн япониялык Такеши Ямогучи менен күрөшөт.