ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: Белгилүү актёр Марат Жанталиев туулган күнү жумушта өтүп жатканын айтты

Бүгүн, 3-мартта көпчүлүккө "Бопуш" аты менен таанымал белгилүү актёр Марат Жанталиев 57 жашка толду. SUPER.KG порталы куттуктоо үчүн байланышка чыкканда, актёр туулган күнү жумушта өтүп жатканын айтты.

"Туулган күндү белгилөөгө кызыкпайм деле. Жыл сайын кадимки күндөрдөй эле жумушка чыгам. Кечинде үйгө барганда жубайым менен балдар-кыздарым дасторкон даярдап тосуп алышат. Быйыл деле ошондой, учурда театрдамын. Элдин жылуу пикирлерин, куттуктоо сөздөрүн кабыл алып, маанайым жакшы", - дейт ал.

Марат Жанталиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келет.

3-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azi81
2018-03-03 15:16:14
Бар болунуз бай болунуз коп жашаныз байке
+2
wirintai27
2018-03-03 15:29:14
Туулган кунунуз менен .Балдарыныздын жалан жакшылыктарына кубо болуп,сый-урмат коруп журо берин.Жубайыныз менен туболуко чоогу болунуз.Талантынызды аябай баалайм кучтуу актерсуз.Боз салкындагы ролунуз аяябай жагат да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан