Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы бүгүн, 3-мартта туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта өлкө башчынын Монгол лидерине карата жолдонгон каалоо-тилектери камтылган.

Сиздин жетекчилигиңиздин алдында жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөр Монголиянын экономикалык жана социалдык өнүгүүдө дагы, демократияны бекемдөөдө дагы кыйла жетишкендиктерине алып келет деп ишенем. Бизди өлкөлөрүбүздү өз ара аракеттенишүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон салттуу достук жана бир туугандык мамилелер байланыштырып турат. Ушуга байланыштуу кыргыз-монгол кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенимди билдирем”, - деп айтылат Кыргыз президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулгага чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош монгол элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалай турганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан