Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы авторлорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы легендарлуу парламентте бекитилгенин белгилеген.
"Сиздер мамлекеттик туунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңыздар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат", - деген Жээнбеков.
Ошондой эле мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалаган. Өз кезегинде туунун авторлору президенттин куттуктоосун жылуу кабыл алып, көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришкен.