Белгилүү актёр Том Круз "Алтын малина" антисыйлыгынын жыйынтыгы боюнча "Эң начар актёр" деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Алтын малина" антисыйлыгынын жыйынтыгы кечээ, 3-мартта чыккан. Анда америкалык актёр Том Круз "Мумия" тасмасындагы ролу үчүн "Эң начар актёр" наамына татыган. Ал эми "Эң начар актриса" наамы "Мэдеинин Хэллоуини 2" тасмасында айымдын ролун аткарган актёр Тайлер Перриге буюрган. Ошондой эле "Эң начар фильм", "Эң начар сценарий" жана "Эң начар режиссёрлук иш" наамдары "Эмоджи тасма" фильмине ыйгарылса, "Эң начар ремейк" сыйлыгына "Элүү түскө күңүртүрөөк" тасмасы ээ болгон.
"Алтын малина" - антисыйлыгы 1981-жылы америкалык Жон Уилсон тарабынан уюштурулган. Сыйлык жылдын эң начар актёру, актрисасы, тасмасы, режиссёру, тасмага жазылган музыкасы номинацияларында тапшырылат. Антисыйлыктын статуэткасы желимден жасалып, алтын түстөгү боёк менен боёлгон. Анын баасы ашып кетсе 5 долларды чапчыйт. "Оскар" сыйлыгын тапшыруудан бир күн мурда "Алтын малина" наамынын ээлери аныкталат.