"Бүгүн эртең менен Ош шаарында 2 жол кырсыгы катталды. Айдоочулар жол эрежесин сактап, абайлап айдашса жакшы болот эле" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.
"Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда эртең менен болжолдуу түрдө саат 9:10до 2 жол кырсыгы катталды. Биринчисинде Гапар Айтиев көчөсүндө №128-маршрут 15 чакты жүргүнчүсү менен кырсыкка кабылса, экинчи кырсык Осмонов көчөсүндө катталды. Бирок ал маршруттун ичинде жүргүнчү болгон эмес. Окуядан жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти. Айдоочулар жол эрежелерин сактап, акырын айдашса болот эле", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.