Сот журналист Нарын Айыпты экс-президент Атамбаев боюнча жазган макаласын төгүндөөгө милдеттендирди

Октябрь райондук соту журналист Нарын Айыпты экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча жазган макаласын төгүндөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге журналист Нарын Айып өзү билдирди.

Анын айтымына караганда, учурунда "Заноза" сайтына жарыяланган үч макаланы төгүндөгөн материалдар автордун өзүнүн жеке сайтына жарыяланууга тийиш. Анткени "Заноза" сайты башка соттук иштерге байланыштуу жабылып калган. Нарын Айып жарыяланган маалыматтардын мааниси тууралуу айтып берди.

"Үч макала боюнча үч башка сот караган. Алардын баары "Заноза" сайтына чыккан. Биринчиси 2015-жылы 22-октябрда жарыяланган. Ал "Президент миллиондорду таратып жатат, бул кайдан чыккан акча?" деген аталышта болчу. Дагы бири Өмүрбек Текебаевдин юристтери өткөргөн маалымат жыйыны боюнча жарыяланган маалыматты жокко чыгарыш керек. Үчүнчүсү эки макала боюнча: Биринчиси Текебаев камалганда Башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын Жогорку Кеңешке чакырылышы, экинчиси көз карандысыздык боюнча. Ушул үч соттук иш боюнча ар бирине 3 миллион сомдон доо коюлган. Соттун чечими боюнча биз макалаларды төгүндөп, 9 миллион төлөп беришибиз керек", - деди Нарын Айып.

Белгилей кетсек, 22-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Нарын Айыптын батирин сатыкка коюу талабы менен кайрылган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлүнүн арызы каралган. Анда Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков аталган батир журналисттин баш калкалоочу жалгыз жайы экени аныкталганын, ошондуктан анын батирин сатыкка коюу боюнча арыздан баш тарта турганын айтып өтүнүч келтирип, сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан