Чүй аймагында "57 жаштагы аялды зордуктаган" деп шектелип 33 жаштагы Ж.А. аттуу жаран 12-июнда кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя ушул эле күнү саат 12:30да жабырлануучу аялдын үйүндө болгон. Түшкөн арыздын негизинде Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, шектүү жаранды колго түшүрүштү. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Колго түшкөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.