Орусияда алып баруучу жана президенттикке талапкер Ксения Собчакка кол салуу болду

Бүгүн, 4-мартта орусиялык алып баруучу, келе жаткан президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Ксения Собчакка кол салуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Азыр эле Москванын чок ортосунда, Михаил Горбачёвдун туулган күнүнөн чыгып келе жаткан учурда мага кол салуу болду. Кудай жалгап, ал адам үстүмө суу эле чачты. Мен ал чачкан сууга тайгаланып жыгылып, башым менен бутумду кокустатып алдым. Ал Москванын шаардык Думасынын өкүлү Алексей Шапошниковдун жардамчысы экен. Азыркы учурда бийлик бандиттер менен кылмышкерлерге таянып алган. Оппозиция тарапка карата күч колдонуу кадимки көрүнүш болуп калган. Ал эми полиция кызматкерлерин дем алыш күндөрү чакырсаң 40 мүнөттө араң жетип келет. Ошондуктан эл саясатка аралашкысы келбейт. Бийликке каршы чыгуу - кооптуу, ал эми бийлик менен чогуу болуу - уят. Бирок биз коркпойбуз. Биз бул нерсени өзгөртөбүз. Шапошников сөзсүз түрдө кечирим сурап, андан соң жардамчысын жумуштан алат. Кол салуу аз нерседен башталат, эгер биз муну эмитен токтотпосок, кийин эч качан токтобойт", - деп жазган ал.

Ошондой эле суу чачкан адам "Бул Жириновский үчүн" деп айтканын кошумчалаган. Орус басылмаларынын жазгандарына таянсак, учурда ал адам колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатат.

Айта кетсек, буга чейин Собчак менен Жириновский дебат учурунда айтыша кетишкен. Жыйынтыгында ачууга алдырган Собчак ага суу чачып салганын орус жалпыга маалымдоо кызматтары жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
KRIMINAL
2018-03-04 22:49:28
Собчак Жириновскийдин үстүнө суу себелеп койду элегоо)

Собчакка табылбай эле калыптыр да.
+11
Jigit.1982
2018-03-05 11:52:07
KRIMINAL,Ообада, анда Жириновскийгеда озу кол салыптырда суу чачып. Бул Сопчак бирди коргону калдыго. Россия Собчакты камап эле салса болмок, туугандары да чыкпаса керек митинге.
+3
mister888
2018-03-04 22:56:37
кой еми собчак сени 1%эл колдобойт атын чыкпаса жер ортто дегени ушулда кой еми уят
+6
jbolotov
2018-03-04 23:21:20
Россия саясаты биздикинен жаман баш аламан. Бийлике баш которгондор дароо эле кысымга алынат. Бийликте коррупциянын атасы Путин,калганы бандит улутчул Жириновскийге окшогондор
-13
Baiana
2018-03-04 23:55:45
Кол салуу болду десе, бирөөсү жыга чапканго дегем, укмушсуңар) ))))суу чачып коюптур ...)))
+11
aman0296
2018-03-05 01:09:51
Сууга тайгалып жыгылып , башы жарадар болгону шумдукко
+7
Zainidin96
2018-03-05 01:22:18
Орус оюндагысын кылат болуптур бул жагы. Кечиресинер бул айым ким билгендер болсо айтып койгулачы
+3
mirlanpiter
2018-03-05 01:58:38
Zainidin96,бул айым дом 2 деген проектидеги сулуу ХХХХ
+2
Bars111
2018-03-05 02:35:21
Саясий ШОУ!!!
+1
aerforce
2018-03-05 03:50:24
ээ ушул аттын башы кара пиар кылаберет экенда атасы кандай акылдуу жакшы киши эле афторитетин жок кылды ХХХХ
+1
shankol88
2018-03-05 07:36:03
Жаниндаги мент болбойтгоо өзүнчөле хехе...
+1
Saidochka
2018-03-05 09:01:35
Суу чачканы-кол салуу болот бекен,мен да жыга чапкан го депмин
0
portugalia
2018-03-05 11:36:25
Кучтуу аялзаты болгон учун президенттике коюп жатат да.Шайлоодон отпосо деле озун таанытып жатат
-3
raykray
2018-03-05 12:32:46
Собчакка аз булда,бул чонурак болсо бут мигранттарды тазалайт азаптайт жеткен нацист!!!
+2
AKCAHAT
2018-03-05 15:11:48
Эл "стада баранов"дегени чын болбосо кудум ушундай акыбал озубуздо.Бийликти чёрныйлар бандиттер олтурат Канжардын кылыгы эсинерден чыккандай бул кыз туура эле созду айтты бийлик жалан мафиялар рекеттер мн иштешип калган.Реформа жасайын деп жатат.Табалайсынар негизи элге ушундай мамиле кылган жагат окшойт адилетсиздик,укугун тебелеген,акчасын тоногон, милицияга кордолгон кыйналып жашаган жагат экен корсо)бул кыздын программасы чем нацист Жириновскийден тузук Россия онолсо биз онолобуз
+1
Djumahmatov
2018-03-05 23:59:08
Элдер кызык элесинер ушу кантип эле президент болуп отуп кетсин бул путинге жардамчы болуп жатат жон эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан