Нарын райондук прокуратурасы жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарды
Нарын райондук прокуратурасы тарабынан жергиликтүү кеңешке талапкерлердин арасынан мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Прокуратурадан маалымдашкандай, Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы А.Н. жергиликтүү кеңешке талапкерлигин коюп, өзүнүн кызмат ишин уланта берген. Ал эми Баш мыйзамдын "Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо" бөлүгүнүн 17-беренесине ылайык, А.Н. талапкерлигин алып же болбосо ээлеген кызматын бошотуп бериши керек эле. Ушул сыяктуу мыйзам бузуулар башка дагы айылдарда катталганын Нарын райондук прокуратурасы билдирди.