Парламент комитетинде химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин иши тууралуу маалымат угулат

Бүгүн, 5-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин иши тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, маалыматты аталган департаменттин директору Данияр Дербишалиев жасайт.

Бул маселени 26-февралда комитет жабык эшик артында караган.

Мындан тышкары бүгүн өтө турган жыйында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан