"Оскар-2018": Кино тармагындагы мыктылар аныкталып, сыйлыктар өз ээлерин тапты

Кино тармагындагы мыктыларды аныктаган "Оскар" салтанаты Лос-Анжелестеги "Долби" театрында өттү. Бул жылы киноакадемиктер абройлуу делген "Мыкты фильм" наамына ат салышып жаткан 10 тасманы аныкташат.

Алгач "Экинчи пландагы мыкты актёрго" айкелди актриса Виола Дэвис тапшырат. Бул наамга Кристофер Пламмер "Дүйнөнүн бардык акчасы" ("Все деньги мира"), Сэм Рокуэлл "Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд" ("Три билборда на границе"), Вуди Харрельсон "Суунун формасы" ("Форма воды"), Уиллем Дефо "Флорида долбоору" ("Проект Флорида") тасмасындагы ролу үчүн ат салышты. Жеңүүчү 49 жаштагы Сэм Рокуэлл деп табылды.

Ал эми "Мыкты грим жана чач жасалга" наамына "Виктория жана Абдул" ("Виктория и Абдул"), "Сыйкыр" ("Чудо"), "Караңгы күндөр" ("Темные времена") тасмалары талапкер болушкан. Жыйынтыгында "Караңгы күндөр" тасмасы мыктылыгын көрсөтүп, "Оскар" сыйлыгын эңип кетти.

Кийинки наам - "Мыкты костюм". Аталган наамга "Виктория жана Абдул", "Көрүнбөгөн жип" ("Призрачная нить"), "Суунун формасы", "Сулуу жана түрү суук" ("Красавица и чудовище") жана "Караңгы күндөр" тасмалары көрсөтүлгөн. Жеңүүчү деп Марк Брижерстин "Көрүнбөгөн жип" тасмасы аталып, айкелди 93 жаштагы актриса Ева Мари Сент тапшырды.

Салтанат "Мыкты документалдуу тасма" наамын аныктоо менен уланды. Анда 5 тасманын ичинен орусиялык спортчулардын допинг колдонгонун чагылдырган "Икар" тасмасы мыкты деп табылды.

Ал эми "Үндүн мыкты монтажы" наамын "Дюнкерк" тасмасы илип кетсе, "Тасманын мыкты дизайны" сыйлыгына "Суунун формасы" фильми татыктуу болду.

Сахнада актриса жана ырчы Рита Морено. Ал "Чет тилдеги мыкты тасма" наамынын ээси деп "Фантастикалык айым" ("Фантастическая женщина") тасмасын атады.

"Экинчи пландагы мыкты актриса" наамынын жеңүүчүсү деп "Тоня баарына каршы" ("Тоня против всех") тасмасындагы ролу үчүн Эллисон Женни табылды.

"Кыска метраждуу анимациялык мыкты фильм" деп "Кымбат баскетбол" ("Дорогой баскетбол") мультфильми аталып, айкелди сценарийдин автору Глен Кин жана Коби Брайант алышты. Ал эми "Мыкты анимациялык фильм" наамын "Коконун сыры" ("Тайна Коко") жеңип кетти.

Музыкалык тыныгуудан кийин "Мыкты визуалдык эффект" наамынын ээси деп "2049 лезвиясындагы чуркоочу" ("Бегущий по лезвию 2049") табылды.

"Мыкты монтаж" наамы "Дюнкерк" тасмасына ыйгарылды. Учурда тасма "Оскардын" 3 сыйлыгына ээ болуп, алдыда келе жатат.

"Кыскаметраждуу мыкты оюн фильми" сыйлыгын "Сүйлөбөгөн чүрпө" ("Немое дитя") тасмасы алды. "Кыска метраждуу документалдуу фильм" наамын Френк Стифелдин "Бейиш - 405-шосседеги тыгын" ("Рай - это пробка 405-м шоссе") тасмасы ээ болгон.

Мындан тышкары "Адаптацияланган мыкты сценарий" номинациясын Жеймс Айверинин "Мени өз атыңдан ата" ("Зови меня своим именем") тасмасы жеңип кетти.

Сахнага актриса Николь Кидман чыгып, "Мыкты оригиналдуу сценарий" наамынын ээси деп "Жогол" ("Прочь") тасмасы экенин жар салды.

"Мыкты оператор" деп "2049 лезвиясындагы чуркоочу" фильминин оператору Рожер Дикинс деп табылды. Ал 14 жолку аракетинен кийин "Оскар" наамына ээ болуп отурат.
"Мыкты композитор" наамы "Суунун формасы" тасмасынын композитору Александр Деплага ыйгарылды. Буга чейин ал "Будапешт" мейманканасы" ("Отель "Будапешт") тасмасы үчүн да алган.
Кезек мыкты режиссёрду аныктоого жетти. Актриса Эмма Стоун сахнага Гильмеро дель Торону ("Суунун формасы") тасмасынын режиссёру чакырып, "Мыкты режиссёр" сыйлыгын тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземи эң кызуу жерине келди. "Мыкты актёр" деп Гэри Олдмэн табылды. Ал буга чейин 2012-жылы "Тыңчы, сыртка чык!" ("Шпион, выйди вон!") тасмасындагы ролу үчүн "Оскарга" талапкер болуп, бирок атаандашына алдырып ийген.
"Мыкты актриса" наамын Фрэнсис Макдормэнд "Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд" тасмасындагы ролу үчүн багындырды. Актриса "Оскарга" 5 ирет талапкерлигин көрсөтүп, 3 жолу "Экинчи пландагы мыкты актриса" наамына ээ болгон.
Жүрөк дүкүлдөткөн мүнөттөр. Салтанаттагы акыркы сыйлык "Мыкты фильмди" аныктоо. Алпаруучу бир аз интрига жаратып, талапкерлердин бүйүрүн кызытууда. Бул наамдын ээсин атоо үчүн сахнага актёр Уоррен Битти жана актриса Фэй Данауэй чыгышты. Жимми Келли сунган конвертти ачып, "Мыкты фильм" деп "Суунун формасы" тасмасынын жаратуучуларын атады. Аталган тасма "Оскарга" 13 наамда ат салышып, анын төртөөнө ээ болду.

Ошентип 90-ирет өткөрүлгөн "Оскар" салтанаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды:

"Мыкты фильм" - "Суунун формасы";

"Мыкты актриса" - Френсис Макдормэнд ("Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд");

"Мыкты актёр" - Гэри Олдмэн ("Караңгы күндөр");

"Экинчи пландагы мыкты актёр" - Сэм Рокуэлл ("Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд");

"Мыкты режиссёр" - Гильермо дель Торо ("Суунун формасы");

"Мыкты оператор" - Рожер Дикинс ("2049 лезвиясындагы чуркоочу");

"Мыкты грим жана чач жасалга" - "Караңгы күндөр" тасмасы;

"Мыкты костюм" - Марк Брижес ("Көрүнбөгөн жип");

"Мыкты чыгарма" - "Коконун сыры";

"Мыкты саундтрек" - Александр Депла ("Суунун формасы").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан