Кенияда дарыгерлер адашып башка бейтаптын баш мээсине операция жасап алышкан

Кенияда дарыгерлер адашып башка бейтаптын баш мээсине операция жасап алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, дарыгерлер баш мээсинде кан уюп калган бейтаптын ордуна, башында шишиги менен келип операцияга муктаж эмес эле бейтаптын баш сөөгүн ачып бир нече саат операция жасашкан. Бейтаптын баш мээсинен тромб табылбаган соң гана дарыгерлер адашып калганын түшүнгөн.

Оорукананын жетекчилиги билдиргендей, жаңылыш баш сөөгү ачылган бейтаптын абалы азыркы тапта жакшы. Ал эми операцияга муктаж болгон бейтаптын абалы азыркы мезгилде жакшырып калганына байланыштуу ага операция жасоо муктаждыгы жок экенин дарыгерлер айтышкан.

Бул окуядан соң операция жасаган нейрохирургду, анестезиологду жана 2 медайымды убактылуу жумушунан четтетишкен. Бирок оорукананын жааматы мындай жаңылыштык адистердин жана палаталардын жетишсиздигинен улам келип чыкканын айтып, кесиптештерин жумуштан кетирбөөнү талап кылып чыгышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azi81
2018-03-05 09:37:51
Эми ар бир пенде адашуу болот,бирок жакшы мойундарына алышыптыр,бизде болгондо?
+26
KRIMINAL
2018-03-05 09:41:32
Не десем экен эми-----
-2
mentol
2018-03-06 01:47:07
KRIMINAL, Эчнерсе дебей эле кой!
0
shergazy9
2018-03-05 09:41:54
Бизде озун куноолу болосунго
Анан неге залда жатат деп кутулмак,,
+17
Daak9091
2018-03-05 09:45:34
Бизде билгизбей экөнө тен жазап туруп акча алып алышмак
+31
nurbekasr
2018-03-05 09:48:10
Врачтар еще мас экен билбей адашып калышыптыр.
-3
RusMos76
2018-03-05 09:49:41
Бащ мээси жок врачтар экен!
0
dair_17
2018-03-05 10:24:24
Жумуштан алып, башка каяктан тапмак эле баш соогун ачып, операция жасай турган врачты
+14
raykray
2018-03-05 12:21:14
Операция Ы болуптур)) Биздеда болдуго сол козу ооруган баланын он козуно опер.жасап анан адашканын мойнуна албай ал-козунода отуп жаткан деп корот эле козу деп апасы чырылдап жургон
+9
bazar
2018-03-05 14:32:24
Врачтардын өзүнүн башына операция жасаш керек экен
+2
RusMos76
2018-03-06 04:14:16
Ойлосон башын ооруп барсан доктурга адашып кетип эле мээни ачып операция жасап таштаса, тообо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан