КҮНСЕРЕП: Оппозиция жазды президент Жээнбековду колдоо митинги менен баштады

Бүгүн, 5-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

2018-жылдын жазы да салттуу түрдө митинг менен башталды. Бишкекте Жогорку Соттун имаратынын алдында жалпы сот тармагындагы коррупцияга, адилетсиздикке, көз карандылыкка каршы акция өттү. Уюштуруучулар айткандай, бул акциянын максаты - президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеӊешиндеги сөзүн колдоо жана анын сөздөн ишке өтүүсүн талап кылуу.

Бул митинг Адил Турдукулов, Рита Карасартова өӊдүү жарандык активисттердин демилгеси менен өтүп, чогулгандар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жана баш прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын талап кылышты. Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы ниетин колдой турганын айтышып, андан кескин чараларды талап кылышты.

Кыргыз жеринде бийлик башында турган президентти, анын аракетин колдоого алып жарандык активисттердин митингге чыгуусу сейрек кездешчү көрүнүш. Кызматка киришкенине 100 күн болгон президент Жээнбековго жарандык коом колдоосун ушинтип билдирип, чечкиндүү кадамдарды талап кылды.

8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында Жээнбеков соттордун дарегине да катуу сын айтып, эл шайлаган жетекчи катары сот тармагындагы адилетсиздикке көз жума албай турганын эскертип өткөн эле. Чогулгандар президенттин атына кайрылуу жолдоп, анда Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган 6 талапкерди бекитпөөнү суранышты. Алар Кымбат Архарова, Ирина Воронцова, Кыдык Жунушпаев, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова жана Айдарбек Алымкулов. Жарандык активисттер аты аталган адамдар убагында саясий буйрукту аткарып жүргөндөр дешет. Воронцова экс-депутат Аида Салянованы соттогон судья. Ал эми Архарова Атамбаевдин "Заноза" сайтына жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы берилген доо арызын караган Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы.

5-март - сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бүгүн президент судьяларды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларды жоопкерчиликти сезүүгө чакырды. "Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры турганын эч качан эстен чыгарбагыла. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин арттырат", - деди Жээнбеков. Митингге келгендер коррупцияга каршы күрөштө президентке жардамчы бололу, өлкө боюнча улуттук кыймыл түзөлү деген тыянакка келишти. Коомчулук учурда Сооронбай Жээнбековго тармакта чечкиндүү аракеттерди кылууга ыңгайлуу абал түзүп берүүдө. Өлкө башчысы бул абалды кандай пайдаланат? Жыйынтык болсун үчүн адилеттүү тазалоо, тандоо жүргүзүшү мүмкүн. Абалды тармакты “бөтөндөрдөн” тазалап “өз” кишилерин алып келүүгө пайдалануусу да мүмкүн...

Күтүлгөндөй эле "Ата Мекенчи" Аида Салянова депутаттык мандаттан ажыратылды. БШКнын 2 мүчөсү Саляновага карата сот өкүмү 2029-жылы күчүнө кирерин, андыктан аны мандаттан азыр ажыратуу туура эмес деп чыгышты. Бирок бул экөөнүн позициясын көпчүлүктүн добушу жеңип кетти. Ошентип, көпчүлүк добуш менен Аида Салянованын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен” фракциясынын дагы бир көрүнүктүү депутаты борттон сыртка ыргытылды.

2016-жылы Башкы прокуратура Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан. Депутат юстиция министри кезинде издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан деп айыпталды. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү 7-февралда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Өкүм соттолуучунун учурда 3 жаштагы кызы 14 жашка чыкканда, 2029-жылы күчүнө кирет.

Салянова өзүнө ачылган кылмыш ишин саясий буюртма деп атап келет. Ал Юстиция министрлигин 2010-жылы 14-июлдан 20-декабрга чейин жетектеген. Ал эми Елисеевди Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылы июнда, Ош шаардык соту 2013-жылы июнда сыртынан соттогон. Жогорку Кеӊеште депутаттар менен коштошуп жатып Салянова "саясат менен мыйзамдын ортосунда тандоо болуп жатса, сот, дегеле ар бир мамлекеттик кызматкер сөзсүз түрдө мыйзамды тандашы керек" деди. Депутат ошол кезде Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартпай коюуга мыйзамдуу негиз жок болчу дейт.

Адатта, утулган тарап УКМК, Башкы прокуратура, сот органдарын бийликтин буйругуна жараша чечим чыгарат деп күнөөлөйт. Аталган органдар соттолуучу тараптын мындай дооматын кадимки кылмыш ишин саясатташтыруу аракети деп баалап тим болушат. Мындай көрүнүш Акаевдин, Бакиевдин тушунда, алардын бийлиги менен активдүү күрөшкөн Атамбаев менен Жээнбековдун бийлиги тушунда деле орун алып келе жатат.

2010-жылы электр энергиясынын кымбатташы Бакиевди бийликтен кууп кетирүүгө элдин башын бириктирген себептердин бири болгон. Бул иш үчүн 100дөн ашуун жаран өмүрү менен кош айтышты. Революциянын башкы каармандары "Бакиев электр энергиясынын баасын негизсиз көтөрүп жиберди" деп элди көчөгө алып чыгышкан. Ырас, элди толкуткан башка себептер да бар эле. Азыркы тапта "Улуттук энергетикалык холдингдин" директору Айбек Калиев электр жарыгынын баасын көтөрүш керек деп улам бир жыйында айтып жатат. Калиевдин айтымында, тарифти көтөрмөйүнчө энергетикадагы кризисти жоюп, абалды оӊдоо мүмкүн эмес. Демек Бакиевдин тушунда тарифти көтөрүү аракети деле негиздүү болду беле? Мындай суроого Калиев “бул иштерди саясатташтырбаш керек”, - дейт.

Мыйзамга саясий кызыкчылыктар басым көрсөтүп турган өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин Салянованын тагдырын кайталап калышы бат эле...

"Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды. Чиновник жооптуу кызматкерлер менен биргеликте Бишкек ЖЭБин оӊдоого бөлүнгөн ири суммадагы акчаны өздөрүнө ыйгарып алган деп шектелүүдө. УКМКнын билдиришинче, "Электр станцияларынын" жооптуу кызматкерлери жасалма келишимдерди түзүү менен иш аткаруучу компанияларга Бишкек ЖЭБиндеги жылуулук менен камсыз кылуучу агрегаттарды оңдоп-түзөөгө акча которушкан. Бирок ЖЭБдеги оңдоп-түзөө иштерин ал компаниялар эмес, борбордун кызматкерлери өз күчү менен бүтүргөн. Боркоев кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери боюнча айыпталууда.

Канча акча уурдалганын УКМК ачыктаган жок. ЖЭБ авариясын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында "Электр станциялары" ишканасынын өкүлдөрү айткан маалыматка таянсак, ЖЭБдеги оӊдоо иштерине жыл сайын 400-700 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. "Электр станцияларынын" жетекчиси Узак Кыдырбаев айткандай, жыл сайын ЖЭБди кыш айларына даярдоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, жасалчу иштер бекитилет. Мисалы, 2017-2018-жылкы сезондо ЖЭБдин сынган айнектерин алмаштыруу жана имараттын чатырын оӊдоо иштери пландалып, бирок жасалган эмес. Чатырдын бир бөлүгү гана оӊдолгонун Кыдырбаев моюнга алды. Энергетиктер 2017-жылы ЖЭБдеги оӊдоо иштерине канча акча бөлүнгөн деген суроого жооп бере албай, 480 миллион сом, 650 миллион сом деп түрдүү суммаларды айтты. 2018-жылы ЖЭБде оӊдоо иштерин жүргүзүүгө деп 730 миллион сом каралууда. Жыл сайын бөлүнүп жаткан миллиондор өз дарегине туура жумшалса ЖЭБдин эски бөлүгү азыркыдай айнектери талкаланган, бомба түшкөндөгүдөй абалда болбойт эле. ЖЭБдин учурдагы директору Андрей Воропаевдин айтымында, имараттын айнектерин алмаштырууга 6,5 миллион сом керек. Андыктан УКМК так атабай жаткан "ири сумма" аз эмес акча экени түшүнүктүү. Бул президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жалындуу сөздөрүнөн кийинки экинчи талкуу жараткан окуя болду. Буга чейин Жогорку Кеӊештин комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды ыйгарып алууга шектелип кармалган. Азырынча коррупцияга каршы күрөш экинчи звенодогу чиновниктерге каршы жүрүп жатат...

Бишкектин Биринчи Май райондук милиция башкармалыгы "интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, жашы жете элек кыздарды аталган жумушка тарткан" деп эки адамды жана 15 чакты кыз-келинди кармады. Интернет коомчулугу бул “уюштуруучулар” менен мындай кызмат көрсөткөн кыргыз кыз-келиндерин кызуу талкуулап жаткан учуру.

Super.kg порталынын журналисти иш издеген адам катары аталган кызматты сунуштаган студияларга кайрылып, мындай жайлар кандай иштей турганын байкап көрдү. Иш берүүчүлөр анонимдүүлүк сакталарына 100 пайыз кепилдик беребиз дей турганы белгилүү болду. Башкача айтканда, кыздардын жогорудагыдай кызматы чет өлкөлөрдөн байланышка чыккан жарандарга сунушталат. Кыздар бул иштен 1 айда 2 миӊ доллардан 5 миӊ долларга чейин киреше табарын айтышат.

Акча иштеп табуунун кыргызга жат мындай жолун кескин сындагандар көп. Алар милиция кызматынын аракетин колдоого алышууда. Ошондой эле мындан мамлекет же жарандар зыян тартпайт, тескерисинче, чет өлкөлүк жарандар биздин өлкөгө акчасын которуп жатат, бул иштерге мыйзамдуу түрдө уруксат берип, мамлекет тийиштүү салыктарын алса болот деген пикирдегилер да бар. Талкуулагандардын үчүнчү тобу Бишкектин ар бир булуң-бурчунда көчөдөгү сойкулук гүлдөп-өнүгүп жатканын, милиция кызматы ал иштерди тыя албаганын айтышат. Көчөдөгү сойкулукка милиция кызматкерлери өздөрү “коргоочу” экендигин далилдеген видео, аудио жазуулар кээде коомчулукка жарыяланып кетип да жүрөт. Интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн студиялардын ишмердүүлүгү ушул толкун менен токтотулабы же бул индустрия дагы милиция кызматынан “коргоочу” таап көчө сойкулугундай гүлдөп-өнүгөбү? Аны келечек көрсөтөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан