Кытай бийлиги үй-бүлөдө 3-баланын төрөлүшүнө уруксат бериши мүмкүн

Кытай бийлиги үй-бүлөдө 3-баланын төрөлүшүнө уруксат бериши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, мурун Кытай өлкөсүндө бирден ашык балалуу болууга тыюу салынган. Бирок өлкөдөгү жаңы төрөлгөн балдардын саны азайып кеткендигине байланыштуу бул мыйзам 2015-жылы алынган.

Үй-бүлөдө 3-балага уруксат берүү сунушун Гуандун провинциясынын өкүлү, адвокат Чжу Леюй киргизген. Анын айтымында, 2ден ашык балалуу болууга тыюу салуу өлкөдөгү демографиялык саясаттын бузулушуна жана жаңы төрөлгөн балдардын санынын азайышына алып келүүдө.

Бул маселе жыл сайын март айында өтүүчү эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык сессиясында каралат.

Кытайда 1970-жылдардын аягынан тартып бир баладан ашык балалуу болууга тыюу салган мыйзам иштеп келген. Бул ар кандай демографиялык жана гендердик маселелерге алып келген. Ошондой эле бул мыйзамдын иштеши ишке жарамдуу жарандардын санынын кыскарышын көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
yrmat88
2018-03-05 10:58:22
Анда таптакыр жер жузуно киши батпай калат го.
+11
Pandora
2018-03-05 11:23:40
yrmat88,Булун бурчтун баарын кытайлар басып
+4
RusMos76
2018-03-05 11:15:52
20мин куй бала бар деп атышты беле, 60мин болот турбайбы эми, таза кыргыз жок болуп кетпегей эле жээн аралашып! ЖЭБидегилер канча болуп кетет ошондо.
+4
ziash85
2018-03-05 11:53:28
Эми ар бир инсан балалуу болгусу келет да кытай да болсо .
-2
raykray
2018-03-05 12:17:13
Кыргызды ээлеп атышат,уруксат берсе берип салат, Ош Бишкек толду,акчага намыс жоктор сатылып-никегеда туруп берип жатат
+2
vavilon.
2018-03-05 14:41:16
Ошол мыйзамды кабыл алышканы жакшы. Мурда бир эле балалуу болсун деген мыйзамдын айынан копчулугу эркек балалуу болгусу келип, эркек торошуп, Кытайда эркектер кобойуп аялдар саны азайган. Анын кесепети Кытай эркектери чет олколордон кыз издей башташты. Эгер бул мыйзам кабыл алынса Кытайда кыздар да кобойуп оздоруно жетет, башка улуттан издешбейт.
0
Parish
2018-03-06 00:59:38
Албетте руксат берет да баари эле кыргызстанга келип атса
0
kirgiz.....
2018-03-07 14:55:35
Акыры дуйнону кытай каптайт деген чын окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан