Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоев мамлекеттик жогорку кызматтагыларга тойго барууга тыюу салды. Бул тууралуу Азаттыктын Өзбекстандагы кызматы редакциясына келип түшкөн аудиону негиз кылып жазды.
Маалыматка ылайык, президенттин тойго барууга тыюу салуу жөнүндө айткандары 27-февралда Таншкентте экспорт жана импорт тууралуу өткөн видеоселекторлук жыйында жазылып алынган. Анда мамлекет башчысы чиновниктердин адилет иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзгөндүгүн, эми алардан эл үчүн таза иштөөнү талап кылган убакыт келгенин айткан.
"Эртең бул боюнча токтом чыгат. Министрлерге, акимдерге, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө той-салтанаттарга барууга тыюу салынат. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкердин унаасын чайканалардын алдынан көрүп кала турган болсом, ошол эле күнү аны жумуштан бошотом жана жазалайм", - деген Мирзийоев.
Анын айтымында, коррупцияны жок кылуу максатында чоң тойлорду өткөрүүгө жана ага мамлекеттик чиновниктердин баруусуна тыюу салууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал той өткөрүү калктын бардык катмарына жана жалпы чиновниктер арасына кенен жайылып, калкка туура эмес таасирин тийгизгенин белгилеген.
"Мен баш болуп бир да чиновник тойго, туулган күнгө барбайт. Ал убакыттар өтүп кетти. Мунун баары элдин кыжырын келтирип, ачуусуна тийип жатат. Эми той, салтанаттар жогорку кызматтагы адамдардын катышуусуз эле өтөт. Премьер-министр бардык жардамчылары менен тойго барат, ал жердегилердин баары туруп турат...Сен ошол тойго коротулган 20 килограмм эттин ордуна кедей-кембагалдарга жардам берип, үйүн оңдоп бер, телевизор сатып бер", - деген Мирзийоев өз сөзүндө.
Президент айткан жаңы токтомго ылайык, эми Өзбекстанда тойдо берилүүчү эртең мененки палоого тыюу салынат, той салтанаттарынын убактысы түшкө жылдырылат.
"110-120 адам. Болду. Эң көп дегенде 150 кишини чакырууга болот, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болушу керек. Башка той болбойт. Эч жерде. Үйлөнүү үлпөтүндө жалаң гана жаштар сейилдесе жакшы болмок. Мен мындай токтом чыгарууга аргасыз болдум. Үйлөнүү үлпөттөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин гана өткөрүлөт", - деп айткан Өзбек президенти.