Ишенимге кирип бирөөдөн 120 бука алып, акчасын бербей койгон Бактыбек аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. 2012-жылдын июнь айында 39 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну, М.М. аттуу жарандан кылмышка шектелип жаткан жаран 120 даана бука алып, ушул күнгө чейин акчасын бербей жүргөн. Арыз ээсинин айтымында, малдын жалпы баасы 6 700 000 сомду түзөт. Мындан улам Чүй ОИИБи алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.