Маданият-Жалал-Абад жолун куруу 15-октябрда башталат. Ага 60 миллион доллар насыя алынууда

Маданият-Жалал-Абад унаа жолун куруу быйыл 15-октябрда башталат, ага 60 миллион доллар насыя алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев билдирди.

Ал учурда насыя боюнча макулдашуулар жүрүп жатканын айтты.

"Бишкек-Ош жолундагы Маданият-Жалал-Абад участкасындагы жолдун курулуш иштерин жүзөгө ашыруу каралууда. Бул үчүн насыянын көлөмү 60 миллион доллар. Сүйлөшүү процесстеринин кечигиши Евразиялык банктын процедураларынын татаалдыгына байланыштуу болду. Бул келишим ишке ашса, курулуш ушул жылы 15-октябрда башталып, 2022-жылы аяктамакчы", - деди Мамыркалиев.

Статс-катчынын айтымында, жол курууга кызыкдар болгон түрк, азербайжандык, орусиялык, эки кытай компаниясы сынакка катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан