Асылбек Өзүбеков кыргыз улуттук академиялык драма театрына жетекчи болуп дайындалды

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси болуп актёр, обончу, аткаруучу Асылбек Өзүбеков дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Театрдын жаңы жетекчиси Асылбек Өзүбеков: "Мындан бир жыл мурун улуттук академиялык драма театрынын жетекчилигине сынак жарыяланганда келип катышкам. Көрүүчүлөрдү кантип театрга тартыш керектигин, репертуар боюнча, театрдын ички, сырткы маселелери жана жалпы эле актёрлордун турмушу тууралуу оюмду айткам. Анан Назым Мендебаиров жетекчи болгон эле. Назым көркөм жетекчиликке өтөм дегенинен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келип кайрадан кайрылып, 1 жылдык келишим менен жетекчи болуп дайындалдым. Менде тажрыйба мол, алгылыктуу иштерди жасоого аракет кылам. Андан сырткары режиссёрлор роль беришсе, образ жаратканга да жетишем деп турам. Кыскасы бүт күчүмдү, дитимди, убактымды жумушка арнайм", - дейт.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. Орто мектепти 1975-жылы аталган айылдан аяктап, ошол эле жылы Ташкенттеги Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун "Драма жана кино актёру" факультетинин кыргыз студиясына тапшырып, 1979-жылы бүтүргөн.

1979-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенген.

1990-2013-жылдары Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеген "Туңгуч" театрында иштеген.

2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенип келген.

Асылбек Өзүбековдун обондуу ырлары "Өмүр", "Арман, ай", "Гүлдөй жан", "Алтын шакек", "Фаридам", "Кош жылдыз" жана башкалар. Ошондой эле "Боз салкын", "Апамдын махабаты", "Күлкүлятор" тасмаларына тартылган.

Айта кетсек, буга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрын жетектеген Назым Мендебаиров аталган театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zhykyo
2018-03-05 13:24:16
Иштениз
0
Dembele84
2018-03-05 13:26:06
Иштей турган киши,ийгилик сизге!
+7
aydinnur
2018-03-05 13:40:24
Татыктуу инсан!!
+5
Sagizgan
2018-03-05 13:54:56
Сыйлаймда ушу байкени.Ийгилик ишинизге!
+4
nurbekasr
2018-03-05 14:08:16
Ушул киши Асылбек ака иштей турган киши да,адамдын ак иштей турганы сыртынан эле билинет.Куттуктайым Асылбек ака жаңы иш орундугуңуз менен.
+6
Nukeww
2018-03-05 14:16:24
"Лото чал" "күлкүлятор" бир го
+2
Freemankg
2018-03-05 14:21:56
Жакшы жанылык ! Ишиңизге ийгилик!
+3
Valley.of.the.Wolves
2018-03-05 15:06:34
Ишинизге ийгилик!!!
+2
bekush
2018-03-05 15:26:33
Сонун жанылык!
+3
aiman1983
2018-03-05 16:22:21
Вай, вай мен куйуп барам, мен орттонуп барам. Азамат. Достойное место для достойного человека. Биринчи жолу жетекчини туура тандашыптыр. Асылбек аганы куттуктайбыз.
+2
zhaku2017
2018-03-05 18:43:57
Ушул адамга тазим кылам. Искуствого кошкон эмгеги абдан коп. Негизи искуство адамдары жан дуйносу таза болот. Адамдардын жан дуйносун искуство тазалайт. Искуствого мамлекет конул болуш керек.
+1
nazgul1905
2018-03-06 02:26:44
Эн биринчи туура тандалган кубанычтуу жанылык!!! Ийгиликтерди жарата бериниз Асылбек байке!!!
0
Ferdews
2018-03-06 02:33:05
Эн соонун жанылык!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан