Белгилүү Голливуд жылдыздарынын тиштери жок сүрөттөрү интернетте кызуу талкууга алынды

Дүйнө жүзүнө атагы чыккан белгилүү актёрлор өзүнүн келишимдүү келбети менен гана эмес, көз уялткан жылмаюусу менен да таанымал.

Белгилүү "голливуд жылмаюусу" жок жылдыздар кандай көрүнмөк? Социалдык тармактарда кызуу талкууланып, ар кандай ой-пикирлерди жараткан сүрөттөргө назарыңыздарды бурабыз.

Бир эмес, бир канча муундун сүйүктүү актёруна айланган Леонардо Ди Каприону интернет колдонуучулар өзүнүн акактай тизилген тиштери жок карыган абышкага окшоштурса, айрым күйөрмандары ал тиши жок деле келишимдүү экенин баса белгилешкен.

Өзүнүн ырчылык гана эмес, актёрлук өнөрү менен таанымал болгон Жастин Тимберлейктин сүрөтү дагы фото монтажга учурап, ырчынын күйөрмандары анын тиши жок сүрөтүнө күбө боло алышты.

Өзүнүн шыңга бою, чымыр денеси менен өзгөчөлөнүп турган актёр Дуэйн Жонсондун тиши жок сүрөтүн көргөн көпчүлүк аны дайыма чачын таз кылып жүргөнүн дагы эске алып, "актёрго мындай келбети менен тасмаларда эмес, мультфильмдерде роль жаратса жарашчудай" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.

Мурунку модель, "Чарлинин периштелери", "Эң жакшы досумдун үлпөт тою", "Бет кап" аталыштагы белгилүү тасмаларда роль жараткан актриса Камерон Диастын сүрөтүн көргөн көпчүлүк интернет колдонуучулар 45 жаштагы актриса Голливуддагы эң мыкты табигый тиштердин ээси экенин белгилешип, сүрөт болсо Камерон улгайган убакта кандай болорун көргөзүп бере алгандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sagidko88
2018-03-05 14:32:09
протезин алып койгонсуп))) кулкулуу корунуп калат экен.
+5
Nevestkaa
2018-03-05 14:44:46
Камеронго өллө жарашыптыр го.
+5
Zainidin96
2018-03-05 22:33:47
Чын эле башкача корунот экен козго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан