SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - жаш ырчы Данияр Эрматов. Алгач "Токто, жаным" деген ыры менен эл оозуна алынып, күйөрман топтогон ырчы 1989-жылы 1-февралда Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган, уулдардын кенжеси.
"Шоу-бизнестин ысык-суугунан кыйналган учурлар болгон. Өзгөчө продюсеримден кеткен соң 1 жылда бир эле клип тарттыргам. Азыр Кудайга шүгүр, элде той көп болуп калды. Бир тойдон 1000 доллар алган, бир күндө 11 тойго барган учурлар болгон. Негизи, мен ырчылыкты түбөлүктүү кесип катары кабыл албайм. Андыктан ырчылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенем", - деген ырчы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде.
Данияр Эрматов - бойдок. "Ушул кезге чейин баш айланткан сүйүүгө кезиге элекмин" деген ырчы болочоктогу жубайы чыгармачылыктан алыс адам болушун каалаганын жана аны эч качан иштетпей турганын айтып келет.
Ырчы Данияр Эрматовго арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.