Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рынок комплексинде 30-январда орун алган өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн. Анын ичинен 135и - "Сейтек" базарынын ишкерлери жана 15 адамы – "Берекет Плюс" базарынын ишкерлери.
Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын декабрь айына карата "Сейтекте" соодагерлердин жалпы саны 96ны түзгөн.
Мамлекеттик салык кызматы ар бир ишкердин патентин тыкыр текшерип бүткөн соң, 74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. Ошондой эле 2017-жылы Социалдык фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес.
74 ишкердин 32синин банктагы насыялары бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 миллион сомго чейин жетет. Жалпы суммасы 16 миллион 984 миң 306 сомду түзөт.
Кеңешмеде экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун маалыматы угулуп жана талкууланган соң, өрттөн жабыркаган соодагерлердин тизмесин 74 деп бекитүү чечими кабыл алынды. Мамлекеттик салык кызматына Экономика министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө бекитилген тизмеге ылайык, соодагердин иштеген учурунан тарта 6 айга патент үчүн төлөмдү узартуу боюнча өкмөттүн аппаратына сунуш киргизүүсү тапшырылды.