Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Данияр Сыдыков 1975-жылы 22-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
1996-1998-жылдары Улуттук банктын адиси;
1998-1999-жылдары Тышкы иштер министрлигинин экономикалык анализдөө башкармалыгынын атташеси;
1999-2000-жылдары аталган министрликтин тышкы экономикалык саясатты талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын катчысы;
2000-2002-жылдары министрликтин Консулдук кызмат департаментинин экинчи катчысы;
2002-2005-жылдары Кыргыз мамлекетинин Индиядагы элчилигинин экинчи катчысы;
2005-жылдары Тышкы саясатты анализдөө, пландоо жана координациялоо департаментинин биринчи катчысы;
2005-2006-жылдары аталган департаменттин директорунун орун басары;
2006-2009-жылдары Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчисинин кеңешчиси;
2009-2010-жылдары Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-2011-жылдары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
2012-жылы өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
2012-2015-жылдары Тышкы иштер министрлигинин өлкөнүн түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
2015-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
2016-жылы Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.