Белгилүү адамдардын жана тасмадагы каармандардын кийимин кийип сүрөткө түшкөн деңиз чочколору интернет жылдызына айланышты. Инстаграмдан атайын баракчага ээ болгон Фаззберте, МиниГинеаПиг, Женнифазз, Билли Блобу, Желли Бэби жана Шнупи аттуу деңиз чочколорунун баракчасына 200 миңден ашуун интернет колдонуучу жазылган.
Бул деңиз чочколору белгилүү тасмалардагы каармандардыкына окшош кийимдерди кийип, көпчүлүктүн кызыгуусун жарата алышкан.